"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо аяктады. Азыр добуштардын дээрлик баары саналып бүттү. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешов менен Максат Маматкуловду жарыштан четтетти. Бул чечиминен кийин Маматкулов Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, четке кагылды. Ал эми Бекмурза Эргешовдун арызын Бишкектин административдик соту канааттандырды.
Жекшембиде Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарда парламентке кезексиз шайлоо өтөт. Үгүт иштери жыйынтыкталып жаткан маалда, Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнө аралашкан деп мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. Беш талапкер БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.
Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры Ош шаарына төрт күндүк чыгармачыл сапары менен келип, cпектаклдерин тартуулады.
Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кыргызстандагы бир нече айылдарды сел каптады. Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ишемби жана жекшембидеги селден аймакта бир киши каза таап, дагы бир киши чагылган тийип көз жумду.
20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа,Өзгөн,Кара-Суу райондорунда сел жүрүп,ондогон турак жайларга зыян келтирилди.
20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын, азыр анын кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатканын билдирди.
Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири “тоскоолдуктардан улам” жарыштан чыкканын Фейсбукка жазды. Бирок ким тоскоолдук кылып жатканын ачык айткан эмес. 28-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү бир мандаттуу үч округда шайлоо өтөт.
Кыргызстандын эксклавы, коңшу Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айылынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Он жылча мурда Ташкент аталган эксклавга түз өтчү жолду жаап, анын тургундарын айланып каттоого мажбур кылган.
Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавынын тургундары толук көчүп келди. Кыргыз бийлиги Баракты Өзбекстанга алмашып, ал үчүн 208 гектар жер алганын билдирген. 2013-жылы Өзбекстан эксклавга кеткен жолду бир тараптуу жапкан соң барактыктар 300 чакырымдай аймакты айланып өтүүгө аргасыз болушкан.
Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштады. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болууда.
Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду. Алардын үчөө - наристе. Орусияда мигрант болуп жүргөн үй-бүлөнүн башчысы жакындарын акыркы сапарга узатууга үлгүрбөй калды.
Кара-Суу базарындагы айрым ишкерлер жеке менчик укуктарын сактап берүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылууда. Аларга тиешелүү менчик жер тилкеси соттун чечими менен Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөнүн базар жетекчилиги эскерткен.
Оштун Кара-Суу районунун 30га чукул тургуну жер маселесине байланыштуу президенттин облустагы өкүлүнө кайрылып, “Жер мунапысы” жөнүндө жарлыктын мөөнөтү бүтүп баратканын, турак-жайларын мыйзамдаштыра албай жатканына даттанды.
Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мөөр басып кетти.
“Ислам каржы кооперативине” нааразы болгон ондогон үлүшчү Ош шаарында чогулуп, салган каражаттарын кайтарып берүүсүн талап кылды. Алардын баары кооперативге турак жай жана автоунаа, сатып алуу үчүн акча төгүп, кайтара албай жатканына даттанды.
Оштогу “Астра Плюс” компаниясынан турак жай сатып алган 40ка чукул жаран компаниянын ишине нааразы болушууда. Алар турак жайларын компания келишимде көрсөтүлгөн убакта бүткөрүп бербегенин айтып даттанууда. Ош шаардык мэриясы бул курулушту мыйзамсыз салынган имараттардын катарына кошкон.
Ош шаарында медиа өкүлдөрү жана юристтер “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, мыйзамга камтамачылыгын билдирди.
Былтыр Оштогу “Боорукердик” балдар үйүндө өрт чыгып, жараксыз абалга келген. Ал жерде тарбияланып келген өспүрүмдөрдүн баары фостердик үй-бүлөргө берилген. Учурда эки гана бала фостердик үй-бүлөдө жашап жатат. Калган өспүрүмдөр ар кандай жагдайларга байланыштуу кайра балдар үйүнө кайтарылды.
Дагы жүктөңүз